Орозалиева Анара Абдырасуловна

Соц.педагог

Орозалиева Анара Абдырасуловна 1989-жылы 11-майда Панфилов районунда туулган. 2019-жылдан баштап Е.Кожомкулов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде башталгыч класс мугалими жана соц.педагогу кызматын аткарып келет. Мугалим катары окуучуларга сапаттуу билим берүү менен бирге тарбия жаатында да көптөгөн ийгиликтерге жетишти. Пандемия учурунда район ичинде видео сабактарды түзүү боюнча тажырыйба жайылтуу иштерине катышты. Мектеп грамотасы менен сыйланган. Ошондой эле,социалдык педагог кызматын аркалап, жаш муундарды тарбиялоого чоң салым кошту.
Ата-энелер арасында демөөрчүлүк колдоо таап, кабинетти жасалгалоо иштерин жүргүздү.