Айтыкулова Гүлжан Базарбаевна

Башталгыч класс мугалими

Башталгыч класстардын мугалими Айтыкулова Гүлжан Базарбаевна 1978-жылы 1-январда Талас областынын Кара- Бура районунда төрөлгөн. Эмгек жолун 2001-жылы Аламүдүн 1 орто мектебинде 2004-жылга чейин башталгыч класстар мугалими болуп эмгектенген. Есенжан Кожомкулов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде 2004-жылдан баштап адеп сабагынын мулалими андан кийин башталгыч класстардын мугалими болуп иштеп жатат.
2009-2010-окуу жылынан баштап ушул мектепте башталгыч класстар усулдук бирикменин жетекчиси болуп иштейт.
Алган сыйлыктары мектеп ичинде, райондон алган грамоталары, Билим берүү министирлигинен алган грамотасы бар.
Алдыга койгон максаты: билим берүүнүн жаңы технологиялары аркылуу окуучулардын сабатын ачуу. Сүйлөө кебин өстүрүү, сабаттуу жазуу, оозеки эсептөөгө калыптандыруу.