Медиадагы сабаттуулук бүгүнкү күндүн талабы.
2022-жылдын 3-4-ноябрь күндөрү Бишкекте сынчыл ой жүгүртүү аркылуу чыгармачылыкты өнүктүрүү урааны астында Медиа-маалыматтык сабаттуулук боюнча III Борбордук Азиясы конференциясы өтүп, ага салтка айланып калгандай Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Украина, Россия, Германия, Франция, Румыния, Финляндия, Монголия жана Вьетнамдан билим берүү тармагынын, жарандык жана медиа уюмдардын өкүлдөрү, тренерлер жана эксперттер катышты.
Е.Кожомкулов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин Математика жана информатика мугалими Үркүнчиева Жумабүбү барып катышып келди. Медиадагы сабаттуулук бүгүнкү күндүн талабы. Туура жана жалган маалыматтарды ажырата билүү, интернет ааламында ишенимдүү булактарга таянуу менен дезинформацияга жол бербөө жалпыбыздын милдетибиз. Мына ушул багыттарда абдан пайдалуу сабактар, тренингдер, мастер класстар, окуулар,оюндарга активдүү катышуучуларга медиа коин берилди.
Жыйынтыгында медиа коиндар 3төн жогору болсо футболка, сумка белеке берилди.
Максаты:
Билим берүү тармагында ММС билимдерин илгерилетүү боюнча жаңы окутуу ыкмаларын табуу;
Мугалимдердин аймактардагы жаштардын сынчыл ойломун, санариптик жана медиа сабаттуулугунун деңгээлин көтөрүүгө багытталган ММС компоненттери камтылган сабактарды иштеп чыгуу тажрыйбасын өркүндөтүү;
Чыгармачылык дараметин жана шыктануусун арттыруу;
Тажрыйба алмашуу.
Бир топ өлкөдөн келген өкүлдөрдүн катышуусунда өткөн бул иш чара ГЕРМАНИЯНЫН Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык Министрлигинин, DW (Дойче Велле) Академиясынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен өнөктөштүктө Кыргыз Республикасында медиа жана маалыматтык сабаттуулукту жогорулатуу долбоорунун алкагында «МедиаСабак» Фонду тарабынан уюштурулууда.
Эки күндүк конференциянын жүрүшүндө катышуучулар ММС (медиа жана маалыматтык сабаттуулук) элементтери менен офлайн жана онлайн форматта сабактарды өткөрүү, ММСти жайылтуу боюнча креативдуу долбоорлор, медиа сабаттуулукту баалоо боюнча изилдөөлөр, социалдык тармактардын колдонуучулары үчүн креативдүү иштеп чыгуулар жана ММСти билим берүүгө кийирүү боюнча мыйзамдык демилгелер менен маалымат бөлүшүштү.
#CAMILCON2022
Комментарии